Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Жерүй боюнча митингде Бишкекке барчу делегаттар шайланды


Талас шаардык стадионунда аймактагы Жерүй баштаган алтын кендерди иштетүүгө каршы митинг өтүп жатат. Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, анда облустагы кендерди иштетүүгө 50 жылга чейин мораторий жарыялоо сунушу айтылды. Муну менен катар Бишкекке барып, борбордук бийликке талаптарын жеткирүү үчүн 11 адамдан турган делегация шайланды. Эртең алар Бишкекке келет. Нааразы болгондор эгер он күн ичинде талап аткарылбаса мөөнөтсүз митинг башталарын, анда өкмөттүн кызматтан кетиши талап кылынарын эскертишти. Азыр нааразылык акцияга өкмөттүн облустагы өкүлү Койсун Курманалиева келди.

Митингди “Талас эл ынтымагы” кыймылы уюштурду. Уюштуруучулар нааразылык акцияга 1,5 миңдей адам катышты деп кабарлоодо. Милициянын эсебинде 300дөй адам чогулган. Ал эми көз карандысыз талдоочулар 500-600дөй адам келгенин билдирүүдө.

Апрель айынын башында өкмөт Жерүйдү иштетүүнү каалаган компаниялар үчүн сынак жарыялаган. Кумтөрдөн кийинки ири кендин алгачкы баасы 300 миллион доллар деп бекитилген. Жерүйдү иштетүү укугунан ажыраган казакстандык “Визор Холдинг” компаниясы кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берген. (EBM)

XS
SM
MD
LG