Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Ош: Исмаиловдун баш коргоо чарасы сотто карала элек


Ош облустук прокуратурасынын “Уш садоси” гезитинин башкы редактору Мухаммадсоли Исмаиловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызы соттун жогорку инстанциясында карала элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук прокурор Айбек Турганбаев кабарлады. Анын айтымында, Исмаиловго оор беренелер боюнча айып коюлган, ошондуктан камакка алынышы керек. Учурда башкы редакторго каршы козголгон кылмыш ишти тергөө уланууда.

Исмаилов жана аны менен кошо эки адам ушул айдын башында камакка алынып, шаардык соттун өкүмү менен үй камагына чыгарылган. “Уш садоси” гезитинин башкы редактору 2010-жылы июнь коогасында өзбек тектүү жаранды өлтүрүүгө катышкан деп шектелип жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG