Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:33

Пакистан: Мушаррафка каршы дагы бир иш козголду


Пакистандын соту өлкөнүн мурдагы аскерий башчысы Первез Мушаррафты 2007-жылы экс-премьер-министр Беназир Бхуттого жасалган кол салууга байланыштуу камалсын жана суракка алынсын деп буйруду.

Равалпинди шаарынын антитерроризм боюнча сотунун чечими Мушаррафты жума күнкү соттук угууга катышканга милдеттендирет. Мушарраф парламенттик шайлоо өнөктүгү кезде Равалпиндиде кол салуудан өлгөн Беназир Бхуттону коргоону камсыздабады деп күнөөлөнүүдө.

Азыр үй камагында отурган Мушарраф бийликте турганда чукул кырдаал абалын киргизген жана 2007-жылы ноябрда Жогорку Соттун мүчөсүн кызматтан негизсиз кетирген деп да айыпталууда. Бул иш азыр Исламабаддын сотунда каралууда. Мушарраф төрт жыл илгери тыш өлкөгө чыгып кетип, Пакистанга бир ай мурда кайтып келген.

XS
SM
MD
LG