Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:53

Австро-Венгриянын императору Франц Йозефтин чачы 18 миң долларга сатылды


Венадагы Доротеум аукцион үйү сатып алуучунун ысымын ачыкка чыгарган жок. Болжолдуу баасынан 20 эсе кымбат сатылган тарыхый реликвия Франц Йозефтин кызматчысы Эуген Кеттерлдин үйүндө сакталып келген.

Кечээки аукционго ошондой эле императорго таандык башка буюм-тайымдар коюлган. Франц Йозеф Австро-Венгрия империясын 1848-1916-жылдары башкарган.

2010-жылы Жаңы Зеландияда Наполеон Бонапарттын чачы 11 миң долларга сатылган. Мындан эки жыл мурун жаштардын поп идолу Жастин Бибердин чачы аукциондо 32 миң доллар киреше алып келди. (AA)

XS
SM
MD
LG