Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

Кытайдын куш эти Кыргызстанга убактылуу киргизилбейт


Куш тумоосун алдын алуу үчүн Кытайдын алты аймагынан Кыргызстанга куштун этин киргизүүгө убактылуу тыюу салынды. Дүйнөлүк эпизоотикалык бюронун Кыргызстанга берген маалыматында 12-апрелде Кытайдын Шанхай, Бээжин шаарларында, Цзянсу, Чжэнзян, Анхай, Хэнан провинцияларында жапайы куштардын арасында куш тумоосунун Н7Т9 деген жаңы түрү пайда болгон.

Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Самат Алиев Кытайдын башка аймактарынан куш эти келип жатканын, шарп ылаңы табылган Үрүмчүдөн мал эти киргизилбей жатканын “Азаттыкка” кошумчалады. (AKu)

XS
SM
MD
LG