Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Кыргызстан демократия боюнча эл аралык жыйынга катышууда


Кыргызстан Монголиянын борбор шаары Улан-Батордо өтүп жаткан эл аралык жыйынга катышууда. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн "Демократия жамааттары" деп аталган эл аралык конференциянын ачылышында сөз сүйлөп, президент Алмазбек Атамбаевдин катын окуп берди.

Жыйындын катышуучуларына жолдогон катында мамлекет башчы Кыргызстан Борбор Азияда парламенттик демократия кура баштаган өлкө катары алгачкы кадамдарын жасап жатканын, бул аракет күчтүү жана гүлдөп өскөн өлкөнү курууга багытталганын айткан.

"Демократия жамааттары" деп аталган конференция быйыл сегизинчи жолу уюштурулуп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG