Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Бишкекте ШКУнун жыйыны башталды


Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Жыйында ШКУ аймагындагы коопсуздукту камсыз кылуу жана терроризм, сепаратизм, экстремизм, мыйзамсыз маңзат жүгүртүү, чек ара аймактардагы кылмыштуулук жана киберкылмыштарга каршы күрөшүү маселелери талкууланууда. Ооганстандагы кырдаал да күн тартибинде. Жыйындын катышуучулары антитеррордук бөлүмдүн баяндамасын да угат.

Ошондой эле бүгүнкү жолугушууда быйыл Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына даярдык талкууланууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG