Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:39

Конституциялык палатага алты талапкер комитеттен өттү


Парламенттеги сот укук жана мыйзамдуулук комитети Конституциялык палатанын судьялыгына ат салышкан соңку алты талапкерди бүгүн колдоду. Эми алар Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында электен өтүшү зарыл.

Буга чейин алты талапкерди президент Алмазбек Атамбаев жактырып, Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Алар - Баткен облсотунун төрага орун басары Айсалкын Нарынбекова, "Конституциялык саясат институту" бирикмесинин башчысы Нурлан Садыков, Юстиция министрлигинин башкармалык жетекчиси Чынара Айдарбекова, Аламүдүн райондук сотунан Жумадил Макешов, Чолпон Осмонова жана президенттик аппараттын эксперти Жедигер Саалаев.

Конституциянын аткарылышын көзөмөлдөгөн палатаны куроо аракети 2011-жылы башталган. Жогорку Кеңеш соңку талапкерлердин баарын бекитсе, палата май айында толук куралып бүтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG