Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Иракта бомба чабуулдарынан кеминде 36 адам ажал тапты


Удаа-удаа жардыруулар шииттер жыш жашаган аймактарда орун алды. Түштүк-чыгыштагы Амара шаарында автоунаага коюлган бомбадан 18 адам өлүп, кырктан ашуун адам жаракат алды. Дивания шаарында да унаага коюлган бомба жарылып, тогуз адам мерт кетти, 23ү жарадар. Андан көп өтпөй Кербала шаарындагы жарылуудан үч адам ажал таап, 14 киши жаракат алды.

Жергиликтүү полиция сунниттер жашаган Махмудия шаарында бомба чабуулунан алты адам өлгөнүн кабарлады. Жардыруулар үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Иракта өткөн жумадан бери өлкөнүн түндүгүндө сунниттер менен коопсуздук күчтөрү кагылышкандан кийин 200дөн ашык адам ажал тапты. Премьер-министр Нури ал-Малики диний араздашууга байланыштуу кошунасы Сириядагы кырдаалды айыптады. (EBM)

XS
SM
MD
LG