Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Бостон жардыруусуна байланыштуу айыпталгандар сотто болду


АКШда Бостондогу марафондо жардырууга байланыштуу камакка алынган үч адам сотто болду. Алардын экөө казакстандык студенттер Азамат Тажаяков менен Диас Кадырбаевге сот адилеттигине тоскоолдук кылуу үчүн чагымчылыкка барган деп күнөө коюлуп жатат. Ал эми үчүнчү адам, АКШнын жараны Робел Филиппоско жалган көрсөтмө берген деген айып коюлду.

Маалыматка караганда, Тажаяков менен Кадырбаев коллежде чогуу окуган Жохар Царнаевдин рюкзагын полициячылардан жашырууга аракет кылган. Эгер күнөөлөрү далилденсе казак студенттер 5, ал эми Филиппос 8 жылга чейин эркинен ажыратылып, 250 миң долларга чейин айып пул салынышы мүмкүн.

15-апрелде Бостондогу марафондогу жардыруулардан үч адам өлүп, 260тан ашык адам жаракат алган. Буга байланыштуу теги чечен ага-ини Тамерлан менен Жохар Царнаевдерге айып тагылган. Тамерлан Царнаев полициячылар менен атышууда мерт болгон. Жохар Царнаев андан кийин колго түшкөн.(EBM)

XS
SM
MD
LG