Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:45

Бишкекте Дубайдын соода-экономикалык палатасынын өкүлчүлүгү ачылат


Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев Бириккен Арап Эмиратында Дубайдын соода-экономикалык палатасынын өкүлдөрү менен жолукту. Анда бири-бирине пайдалуу шартта кызматташуу маселеси, инвестициялык абал талкууланды. Сариев Бишкекте аталган палатанын өкүлчүлүгүн ачууну сунуштады. Жолугушуунун соңунда Дубайдын соода-экономикалык палатасынын өкүлдөрү келип, өкүлчүлүк ачуу маселелерин талкуулап, инвестициялык кырдаал тууралуу жеринен таанышууга макул болду. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Бириккен Арап Эмиратына министр Темир Сариев баштаган кыргыз делегациясы инвестициялык форумга катышуу үчүн барган. (EBM)

XS
SM
MD
LG