Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Сирияда кандуу кагылышуу болгону кабарланууда


Сириядагы оппозициянын активисттери мамлекеттик аскердик күчтөр өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Банияс портунун жанында кырктан ашуун адамды өлтүрүшкөнүн маалымдашты.

Интернетте жарыяланган видеодо канжалап жаткан жети дене көрсөтүлгөн. Мамлекеттик телеканалдар күнөөнү алар “террорчу” деп эсептеген топторго коюшту. Ал эми негизги оппозициялык топ бийликти “кыргын жасады” деп айыптоодо.

Буга чейин түндүк-батышта жайгашкан Ал-Байда айылында кагылышуу болгону кабарланган эле. Лондондо жайгашкан Сириялык адам укуктарын көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча Ал-Байдада ондогон адамдар өрттөлүп, атылып же бычакталган. (AiK)

XS
SM
MD
LG