Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Москвада кыргызстандыктар “Исфайрам” коомдук уюмун түзүштү


Уюм Исфайрам дарыясынын жээгинен орун алган Кадамжай районунун тургундары тарабынан түзүлдү.

Коомдук уюм кыргызстандык мекендештерге укуктук ж.б. жактан жардам берүү, жумуш табууга көмөктөшүү, ар кандай жакшылык-жамандыктарда колдоону максат кылат. Бул тууралуу “Исфайрам” коомдук уюмунун төрагасы Асатилла Тешебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда азырынча уюмдун алдына Кадамжай районунун ондон ашуун айылдарынын Москвада иштеп-жашап жүргөн тургундары биригишти, келечекте уюмду жалпы Кыргызстандын деңгээлинде кеңейтүү максаты бар.

Москвада кыргызстандык жарандар тарабынан түзүлгөн коомдук уюмдардын саны элүү чамалуу. Мындай уюмдар көбүнчө бир райондон келген жердештерге колдоо көрсөтүү максатында негизделет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG