Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Орус оппозициясы Болотнаянын жылдыгын белгилейт


Орусиядагы оппозициялык күчтөр бүгүн Болотная аянтындагы митингдин бир жылдыгын белгилешет. Орусия оппозициясын бириктирген Координациялык кеңеш бейшемби күнү Москва шаар бийликтеринен 30 000 адамга чейин Болотная аянтында чогулууга уруксат алды. Шаар көчөлөрүндө жөө жүрүшкө макулдук берилген жок. Активист Надежда Митюшкина "Эркин Европа/Азаттык" үналгысына айткандай, бул митингдин негизги максаты - митингдерди өткөрүүдөгү айрым чектөөлөр жана кыйынчылыктарга каршы чыгуу.

Өткөн жылы 6-майда Болотная аянтында оппозиция дал ушул чектөөлөрдөн улам бийликке каршы өткөргөн митингден кийин оппозициянын ондогон активисттерине кылмыш иштери козголгон. Анда митинг уюштуруучулары менен полиция ортосунда кагылышуулар болгон. Оппозиция полиция атайын чагымчыларды жөнөткөн жана митингчилердин жолуна бөгөт койгон деп келет. (AiK)

XS
SM
MD
LG