Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Майлы-Суу: Суу башкармалыгында 2 млн. сом кымырылган



Жалал-Абад облустук прокуратура Майлы-Суу шаардык мэриясынын алдындагы Сууканал башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине иш козгоду. Тергөөнүн жүрүшүндө, 2011-жылдан тартып 2013-жылдын апрель айына чейин аталган башкармалыкка түшкөн 1,5 миллиондон ашык акча жең ичинен кымырылганы аныкталган. Мындан башка "суу куурлары оңдолду" деген жалган документтин негизинде 600 миң сомдой акча өөнөлгөн. Натыйжада бюджет 2,2 миллион сомдон ашык чыгым тарткан. Прокуратура бул факт боюнча эки кылмыш иш козгоп, тергөөнү улантып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG