Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Батукаев боюнча комиссия корутундусу бир аптадан кийин даяр болот


Азиз Батукаев боюнча түзулгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү, “Ата-Мекен” фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, комиссиянын корутундусу 12-майга чейин даяр болот. Анын айтымында, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин келбей калганына байланыштуу бүгүнкү жыйын үзгүлтүккө учурады.

Комиссия мүчөлөрү ошондой эле Башкы прокурор менен да жолукканы жатат. Бирок Аида Салянова буга чейинки жыйындарга келбей жаткан болчу.

9-апрелде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Парламент бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзгөн. Комиссия бир катар жетекчилерди кызматтан убактылуу четтетүүнү сунуштаган. Андан көп өтпөй эле вице-премьер-министр Шамил Атаханов кызматын өз эрки менен убактылуу тапшырган. (EBM)

XS
SM
MD
LG