Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:13

Кытай жана Индия аскерлерин талаштуу тилкеден чыгарды


Кытай жана Индия аскерлерин Гималай тоолорундагы талаштуу чек ара аймагынан чыгарып кеткени кабарланууда. Индия тараптын кабарлашынча, эки жак жекшемби күнкү кездешүүдө аскерлерди чыгарып кетели деп макулдашкан.

Индия үч жума мурда 15-апрелде Кытайдын бир взвод аскери Ладах провинциясына 10 чакырым терең кирип, чатыр тигип алды деп Бээжинди күнөөлөгөн. Ошондон тарта аскерлер бири-бирине 100 метр жакындабай турган.
Бирок, талаштуу чек ара аймагынан аскерлер чыгарылып кеткени жөнүндө эки жак расмий билдирүү жасай элек. 1962-жылы Гималайдагы чек ара тилкесинде Кытай жана Индия аскерлери бир нече күн аткылашкан.

20-майда Кытайдын премьер-министри Ли Кецян Индияга расмий визит менен келет. Бул анын өкмөт башчы катары чет өлкөгө жасаган биринчи сапары болот.

XS
SM
MD
LG