Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Кытайда куш тумоосунан дагы төрт адам каза тапты


Тоок фермаларындагы дарылоо учуру. 3-апрель, 2013-жыл.
Тоок фермаларындагы дарылоо учуру. 3-апрель, 2013-жыл.
Муну менен куш тумоосунун жаңы түрүнөн же H7N9 вирусунан каза тапкандардын саны 31ге жетти. Саламаттыкты сактоо чөйрөсүн тейлеген кытайлык расмий өкүлдөрдүн айтымында, чыгыш жээктеги Фужиан провинциясында дагы эки киши бул илдетти жуктурганы аныкталган. Куштун сасык тумоосунун жаңы вирусун жуктурган бейтаптар Кытайда алгач март айында катталган эле.

Вирус алгач Шанхай шаарынын айланасындагы аймактардан чыгып, өткөн айдын соңунда Фужиан чөлкөмүнө жайылган. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму бул илдеттин жаңы түрү адамдан адамга оңой эле жугары боюнча азырынча далил жоктугун айтууда.

Кытайда куш тумоосу чыкканына байланыштуу Кыргызстан бул өлкөдөн тоок этин импорттоого убактылуу тыюу салган. (UE)

XS
SM
MD
LG