Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Лифттен жыгылган пакистандык саясатчы ооруканага жаткырылды


Имран Хан кырсыкта башынан жана белинен жаракат алды, 7-май, 2013
Имран Хан кырсыкта башынан жана белинен жаракат алды, 7-май, 2013
Өлкөдөгү белгилүү саясатчы жана крикет боюнча мурдагы жылдыз Имран Хан шайлоо өнөктүгүнүн алкагында өткөн кечээги митингде жыгылып, жарадар болгон. Ал трибунага көтөрүлүп жатканда лифттен, беш метрлик бийиктиктен кулап, башынан оор жараат алды.

Азыр саясатчы жаткырылган Лахордогу оорукананын догдурлары ага жок эле дегенде бир апта дарыланыш зарыл экенин айтышууда. Бул 11-майга белгиленген парламенттик шайлоодо Имран Хан жетектеген “Акыйкаттык үчүн кыймылынын” жыйынтыгына кандай таасир этери белгисиз.

Кечээ ооруканадан жасаган телекайрылуусунда Хан элди өзүнүн партиясына добуш берүүгө үндөдү. Имран Хан 2002-жылкы шайлоодо парламенттен болгону бир орун уткан, 2008-жылдагы шайлоого бойкот жарыялаган. Бирок үч күндөн кийин өтө турган шайлоодо аны “олуттуу оюнчу” деп атап жатышат.

XS
SM
MD
LG