Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Атамбаев согуш ардагерлерин куттуктады


Бишкекте Жеңиш аянтында Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына арналган салтанат өттү. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө башчылары, Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери катышты. Ошондой эле майрамдык аскер жүрүш болду. Ардагерлерге салтка айланган ботко менен жүз грамм арак берилди.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда учурда 2 миңдей согуштун жана 8 миңден ашуун ооруктун ардагери бар. Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 155 миңден ашыгы майдандан кайтпай калган. (EBM)

XS
SM
MD
LG