Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

АКШда Бакиев боюнча кылмыш иштин токтотулушу териштирилет


Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов АКШда Максим Бакиевге каршы козголгон кылмыш иштин токтотулган жагдайлары иликтенип жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Вашингтондун мындай чечими азырынча түшүнүксүз. “Маским Бакиев Кыргызстанды тоногон жана ошол элдин акчасы менен Лондондо жашап жатканында шегибиз жок”, - дейт Токтогулов.

Буга чейин АКШдагы BusinessWeek басылмасы өлкөнүн Юстиция министрлигине шилтеме кылып, мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге каршы козголгон кылмыш иш токтотулганын кабарлады. Ал "баалуу кагаздар боюнча көз боёмочулук кылган жана башка экономикалык кылмыштарга аралашкан" деп айыпталып, издөө жарыяланган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG