Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:42

Кыргызстанда ВИЧти жыныстык жол менен жуктургандар көбөйдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” СПИД борборунун жетекчиси Үмүт Чокморова билдирди. Кыргызстанда адамдын иммундук таңкыстыгына алып келчү бул вирусту көпчүлүк ийне аркылуу жуктурат. Өткөн жылы илдетке кабылгандардын 68 пайызы маңзат колдонгондор болсо, быйыл ал 56 пайызга түшүп, жыныстык жол менен жуктургандар 40 пайызга көбөйгөн. СПИД борборунун жетекчиси "бул - аялдар ВИЧке көп кабылууда дегенди билдирээрин" кошумчалады. Энеден балага өтүү да мурдагыдан көбүрөөк байкалууда.

1-майга карата Кыргызстанда 4745 адамда ВИЧ аныкталган, алардын 742си көз жумду. (AKu)

XS
SM
MD
LG