Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Кыйраган учактын кара кутусу ит менен изделип жатат


Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов Чүйдө кырсыктаган учактын кара кутусун издөөгө кинологдор тартылганын “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, учактын кулаган себептерин иликтеген өкмөттүк комиссиянын иши бир жылга чейин созулушу ыктымал. Комиссия ошондой эле экологияга тийгизген кесепетин да аныктамакчы. Досумбетов кырсыкты иликтөө боюнча АКШ тараптан эч кандай каршылык жана тыюу жоктугун белгиледи. Буга чейин АКШ тарап кара кутуну издөөнү токтотууну талап кылып жатканы кабарланган эле.

3-майда Чүйдүн Чалдыбар айылынан анча алыс эмес жерде “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна таандык “Боинг-707” кулап түшкөн. Маалыматка караганда, учак асманда эле жарылып, жерге үч-төрткө бөлүнүп түшкөн. Учакта үч киши болгон. Экөөнүн күйгөн сөөгү табылган. Кырсык боюнча өкмөт атайын комиссия түзгөн болчу. (EBM)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG