Грекиянын Салоники шаарында уландар арасында эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде кыргыз балбандар 2 алтын, 1 күмүш байге алды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев билдирди. Анын айтымында, 20 мамлекеттин спортчулары катышкан мелдеште, 42 кило салмактагы кыргызстандык балбан Санжар Турдубаев биринчи орунду ээледи. Ошондой эле 55 салмактагы Сардар Эргешов да атаандаштарын утуп, алтын медаль алды. Ал эми Нургазы Абдырзаков финалда колун кокустатып алып, күмүш байгелүү болду. Жаш балбандарды кочкораталык устат Абдырашит Мамасабиров баштап барды. (KMa/EBM)