Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Учкунбек Ташбаевдин соту уланат


Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурунку жетекчиси Учкунбек Ташбаевдин соту уланат. Ташбаевдин үстүнөн сот иши 30-апрелде башталган. Андагы жараянга айыпталуучунун адвокаты келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Учкунбек Ташбаевди өткөн жылдын ноябрь айында камакка алган. Ага кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, мыйзамсыз жол менен лицензия берген деген айып тагылып жатат. Ташбаев өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келүүдө.
(BkA)

XS
SM
MD
LG