Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Ошто ВИЧ илдеттүү адамдардын III Улуттук форуму өтүп жатат


Форумда ВИЧке чалдыккан адамдарга карата коомчулуктун мамилесин жакшыртуу жолдору талкууланып, бейтаптарга мамлекеттен жана эл аралык уюмдардан кандай колдоолор керектиги жөнүндө сөз болууда. Форумду БУУнун өнүктүрүү программасы менен ВИЧке чалдыккан жарандардын ассоциациясы уюштурган. Ага республиканын түштүгүндө ВИЧ-СПИД илдетине каршы күрөшүүчү мамлекеттик, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, илдет менен жабыркап жүргөн 40тан ашуун жаран, ошондой эле экс-президент Роза Отунбаева катышып жатат.

Мамлекет башчынын Ош шаарындагы резиденциясында өтүп жаткан форум эртең да уланат.

Республикалык СПИДге каршы жана алдын алуу борборунун ушул жылдын 1-майына карата чыгарган маалыматына ылайык, Кыргызстан ВИЧ илдети тездик менен өсүп бараткан 7 өлкөнүн ичине кирет. Өлкөдө бул ооруга чалдыккан 4746 адам каттоого алынган. Анын ичинен 4541 адам Кыргызстандын жараны. Оорулуулардын 3182си эркектер, 1359у аялдар. Алардын ичинен 435и балдар. (SE)

XS
SM
MD
LG