Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Депардье Чеченстандын мурдагы президенти Ахмад Кадыровдун ролун аткарат


Франциялык актер Жерар Депардье Чеченстанда 2 фильмге тартылмакчы. Түндүк Кавказдагы жумурияттын өкмөтү шаршембиде жасаган билдирүүгө ылайык, актер “Бирюза” деген фильмде башкы ролду аткарат. Ал эми Франциянын маалымат каражаттары Депардье Чеченстанда тартыла турган “Атанын жүрөгү” деген фильмге да катышарын жазышууда. Маалыматтарга караганда, ал маркум президент Ахмад Кадыровдун ролун ойномокчу.

Жумурияттын азыркы башчысы Рамзан Кадыров адам укуктарын бузуу үчүн айыпталып келет. Ал өзү болсо мындай ырастоолорду четке кагууда. Ушул февралда Депардье орус жарандыгын алгандан кийин Чеченстанга барып, Кадыровдон белекке люкс батир алган.

XS
SM
MD
LG