Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Талас: Жерүй кени боюнча ачкачылык акциясы уланууда


Таластын Чат-Базар айылындагы Жерүй кенин иштетүүгө каршы ачкачылык жарыялаган 10 адам өз акциясын улантышууда.

Бул тууралуу акцияны уюштуруучулардын бири Кубаныч Асан уулу билдирди. Анын айтымында, Жерүйдү иштетүүгө каршы митинг бүгүн да улантылат. Митингчилер кыргыз бийлиги бул кенди иштетүүгө 50 жылдык мораторий жарыялабаса, 19-майдан тарта башка райондордо да нааразылык акциялары башталарын билдиришүүдө.

Жерүй кенин иштетүү үчүн сынак 13-майда аяктаган. Ага “Континент финанс” аттуу англиялык компания гана документтерин жиберген. Мындан улам кечээ конкурсту өткөрүү боюнча комиссия сынакты "жараксыз" деп тапты. Эми жакынкы күндөрү жаңы сынак жарыяланышы мүмкүн. (BkA\MbA)

XS
SM
MD
LG