Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Ала качууга каршы видеороликтер Канн фестивалынын сайтына коюлат


Кыргызстанда ала качууга каршы тартылган атайын видеороликтер Канн кинофестивалынын расмий сайтына жайгаштырылат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Айкын багыт" уюмунун жетекчиси Мунара Бекназарова кабарлады. Аталган фонд "Жакшылыкка умтулган чыгармачылык" ("Creative For Good") эл аралык компаниясы жарыялаган сынакты утуп алды.

Сынакка дүйнөнүн ар тарабындагы 100дөн ашуун уюм сунуштаган социалдык ролик катышкан. Алардын ичинен кыргызстандык укук коргоочулардын демилгеси менен тартылган чакан видеороликтер башкаларга үлгү болчудай жана мыкты деп табылды.

Бул социалдык роликтердин максаты - коомчулукка ала качуу кылмыш экенин, кыздардын укугун бузгандар жоопко тартылаарын жеткирүү, ата-энелердин бул маселеге туура көз карашын калыптандыруу.

"Айкын багыт" фонду кыз ала качуунун курмандыгы болгон кыз-келиндердин укугун коргоо, бул көрүнүштү жок кылуу багытында иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG