Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Ворух анклавын айланып өтчү жолдун тагдыры июнда талкууланат


Баткендеги Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун жандантуу маселеси июнь айында каралат.

Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, өткөн аптада Дүйшөмбүдөгү Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында бул маселе каралган жок. Ошондуктан, бул маселени июнь айындагы Кыргызстан жана Тажикстандын чек араны тактоо боюнча комиссиясынын жыйынында талкуулоо чечими кабыл алынды.

27-апрелде аталган жолдун курулушунан улам кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чатак чыккан. Анда ворухтуктар бул жолдун курулушуна каршы чыгып, жол куруп жаткандарга кол көтөрүшкөн. Бул окуядан Ак-Сай айылынын 12 жараны жабыркаган, унаа жана сарайлар өрттөлгөн. Окуя боюнча Тажикстандын расмий бийлик өкүлдөрү кечирим сурап, чек ара чатагында жабыркаган кыргызстандыктардын чыгымдарын төлөп берүүгө макул болгон. Андан бери айланма жолдун куруу иштери токтоп турат.(BkA)

XS
SM
MD
LG