Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:16

Нарында кыргыз-түр​к кыздар лицейинин курулушу башталды


Бүгүн 20-май күнү Нарын шаарында 375 орундуу кыргыз-түрк кыздар лицейинин курулушуна капсула салуу жараяны болуп өттү.

Иш-чарага "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды жана Түркия өлкөсүнөн 100гө чукул коноктор келди. Лицейди курууга шаардын Көтөрмө чөлкөмүнөн 2,3 гектар жер аянты голландиялык жана түркиялык демөөрчүлөр тарабынан сатылып алынган. Аталган лицей 3 жылда бүткөрүлүп, заманбап абалда жатаканасы, ашканасы, спорт залы менен толук курулат. Курулуштун жалпы суммасы 3 миллион АКШ долларын түзүп, аны түрк лицейинин башка бир бүтүрүүчүсү каржыламакчы.

Нарын шаарында 1993-жылдан бери Муратбек Субакожоев атындагы Нарын кыргыз-түрк лицейи иштеп келет. Кыргызстан боюнча "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин 15 лицейи болсо, алардын бешөө кыздардыкы. Лицейге 6- класстан баштап, атайын сынак менен кабыл алынат. (TSh)

XS
SM
MD
LG