Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Украин өкмөтү 10 журналисттин аккредитациясын калыбына келтирди


Киевде жүздөй журналист украин премьер-министринин 10 кабарчынын өкмөттүк жыйындарды чагылдырганга тыюу салган чечимине каршы демонстрацияга чыгышты. Он журналист 22-майдагы өкмөттүк жыйын учурунда министрлерге артын салып, телекамералардын алдына туруп алышкан соң алардын аккредитациясы токтотулган эле.

Бүгүн Өкмөт үйүнүн алдына чыккан журналисттер эрди-зайып журналистке болгон кол салууга да нааразылык билдиришти. Журналисттер ишемби күнү Киевде президент Виктор Януковичтин тарапкерлери менен каршылаштарынын тирешүүсү кезде таяк жеген болчу.

Премьер-министр Микола Азаров журналисттер менен кездешип, аларды профессионалдуу иштегенге үндөдү жана экинчи дагы бейбаштыкка барышса, 10 кабарчынын аккредитациясы биротоло токтотуларын эскертти.

XS
SM
MD
LG