Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

“Жашылдар” партиясы АКШнын жүк ташуу борборуна каршы митинг өткөрөт


Партиянын лидери Эркин Бөлөкбаевдин “Азаттыкка" билдиришинче, митинг оболу Кыргызстандагы АКШ элчилигинин, андан кийин Ак үйдүн алдында өтөт. Анда Панфилов районундагы транзиттик борбор учагынын кыйрашына байланыштуу зыянды төлөө, базаны тез арада чыгаруу жана Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында гана саясат жүргүзүү талабы коюлат. Бөлөкбаев митингге “Асаба”, “Дыйкандар” партияларынын жана бир нече экологиялык уюмдардын мүчөлөрү катышаарын кошумчалады.

“Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна таандык “Боинг-707” үлгүсүндөгү учак 3-майда Чалдыбар айылына жакын жерге кулап түшкөн. Үч учкучтун күйгөн денелери ошол жерден табылган. Бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү Транзиттик борборду Кыргызстандан чыгаруу боюнча келишимди иштеп чыгып, ушул жумада парламентке жөнөттү. (BkA)

XS
SM
MD
LG