Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Ооганстанда кошумча шайлоочуларды тизмектөө башталды


Келерки жылы болуучу президенттик шайлоодо добуш берүүгө дагы төрт миллиондой шайлоочу кошулары кабарланууда. Ооганстандагы Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын башчысы Ахмад Манави жекшемби күнү Кабулда журналисттерге “шайлоочуларды каттоо башталганына кубанып жатканын” билдирди. Ал ошондой эле каттоо өлкөнүн алыскы аймактарында жана кыштактарында да болорун белгилеп, ооган бийлигин коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды.

Шайлоочуларды кошумча тизмектөө кечээ Ооганстандын 34 облусундагы 41 шайлоо борборунда башталды. Азыркы тизме боюнча Ооганстанда 16 миллион шайлоочу катталган.

Келерки жылы өтчү президенттик шайлоого азыркы президент Хамид Карзай мөөнөтү аяктаганына байланыштуу катыша албайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG