Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Саруудагы митинг Кумтөргө кетчү жолдо уланмай болду


Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында бүгүн эртең менен башталган митингдин айрым катышуучулары Кумтөр алтын кенине кетчү жолду тосмой болду. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, жүздөн ашуун киши нааразылык акциясын Барскоон айылына барып Кумтөргө кеткен жолду тосуу үчүн жөнөп кетти.

Саруунун 200 тургуну бүгүн айыл борборунда митинг уюштуруп, Кумтөрдү иштетүү алардын ден соолугуна жана жалпы экологияга терс таасирин тийгизип жатат деп айтып чыккан.

Кумтөр алтын кенин иштеткен компания экологияны бузуп, мамлекетке тиешелүү салык төлөбөй жатат деген кине менен Кыргызстандын парламенти канадалык инвестор "Центерра голд" менен сүйлөшүү жүргүзүүнү, 2009-жылкы келишимден чыгууну өкмөткө буйруган. Буга берилген мөөнөт ушул айдын аягында бүтөт. Бирок азырынча кыргыз өкмөтү тараптан да, "Центерра" тараптан да конкреттүү сунуш же чечим боло элек.

Канадалык тарап 2009-жылкы келишимди бузууга эч негиз жок деп эсептейт.

Экологиялык компенсация максатында ишкананын тапкан кирешесинин 1 пайызы которулчу атайын фонд бар. Ал "Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду" деп аталат. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG