Бул күнгө карата Гүлчө айылындагы райондук акимияттын алдында майрамдык иш-чара уюштурулуп, ага район жетекчилери катышты. Балдар арасында асфальтка сүрөт тартуу боюнча конкурс өтүп, жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланды. Ошондой эле райондогу ишкерлер тарабынан турмуш-шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарына жана жетимдерге акчалай жардам көрсөтүлдү.(BkA)