Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Иракта бийликтер диний негиздеги кыянатчылыктарды токтотуу аракетин көрүүдө


Премьер-министр Нури ал-Малики Ирактын ар кайсы аймактарынын лидерлери менен кездешти. Бирок жолугушуунун чоо-жайы азырынча белгисиз. Ирак лидерлеринин жыйыны алдында Улуттар уюму май айында өлкөдөгү кыянатчылыктардан миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын жарыялаган.

Ушул аптада эле борбор Багдаддын шийиттер жана сунниттер жашаган райондорундагы бомба чабуулдан 100дөй киши каза тапты.

Аналитиктердин пикиринде, кыянатчылыктардын арбышы Ирактын шийиттер башкарган өкмөтү менен сунни азчылыгы ортосундагы мамиле абдан курчуганынын көрүнүшү.тСуннит азчылыгы соңку кездери алар кодуланып жатканын айтып келишет. Бул аралыкта Ирактын коргоо министрлиги кечээ “ал-Каиданын” ууландыруучу затты кустардык ыкма менен жасоого даярданган беш кишиси кармалганын билдирди.

Расмий маалыматка караганда, ал ууландыруучу зат же газ Ирактын коопсуздук күчтөрүнө каршы колдонулмак. Ошондой эле АКШ менен Европадагы кол салуулар үчүн да жөнөтүлмөк. (UE)

XS
SM
MD
LG