Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

Милиция жол тоскондор менен сүйлөшүү жүргүзөт


Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бүгүн кечке жуук жол тосуп тургандар менен дагы сүйлөшүүлөр болоорун "Азаттыкка" билдирди. Анда Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырып турган Бишкек-Ош канжолун ачуу маселеси каралмакчы.

Жол тосуп тургандар менен сүйлөшүү буга чейин да болуп, анда милиция күч колдонбосун билдирүү менен кырдаалдан деструктивдүү күчтөр пайдаланып кетүүсүнө жол бербөөгө чакырган.

Бишкек-Ош жолу Сузактын Датка айылынын тушунан кечээ кечтен бери тосулуп турат. Жол тоскондор митингчилер 31-майда губернатор деп жарыялаган Медер Үсөновду, “Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттарын бошотуу жана Кумтөр келишимин жокко чыгаруу талабын коюшууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG