Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде жол тосулган жерде 57 киши медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын көпчүлүгү баш оорусуна жана кан басымынын жогорулап кеткенине даттанышкан. Тосулган Бишкек-Ош жолунун боюнда медициналык бригада ишин улантууда, анда 2 дарыгер, 1 фельдшер, 6 медсестра иштеп жатат. “Тез жардам” унаасы да бар деп билдирет Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы.(ZKo)