Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

Түркиялык профсоюздар да антиөкмөттүк акцияга кошулду


Түркиянын негизги профсоюздарынын бири антиөкмөттүк нааразылык акцияларын колдоп, эки күндүк иш таштоо жарыялады. 240 миңдей мүчөсү бар Мамлекеттик кызматчылар конфедерациясы өкмөттү “мамлекеттик террорду жүргүзүүдө” деп күнөөлөдү. Бүгүн таң эртең Стамбулда полиция жана протестчилер кайра кагылышты. Түштүктөгү Антакия шаарында экинчи демонстрант набыт болгону маалымдалды.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган кызматтан кетүү жөнүндөгү талапты четке кагып, антиөкмөттүк чыгуулар үчүн экстремисттер менен оппозициячыл саясий күчтөрдү күнөөлөдү. Демонстранттар Эрдоганды жана башкаруучу АК партиясын авторитаризмди орнотууда деп айыпташты. Эрдоган азыр Мароккодо сапарда жүрөт.

XS
SM
MD
LG