Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Ысык-Көл: облус башчысы сабырдуулукка чакырды


Бүгүн Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылында, губернатор Токон Мамытовдун катышуусунда учурдагы саясий кырдаал тууралуу маалымат жыйыны өттү.

Жыйынга Жети-Өгүздөгү митингдин активисттери, ОИИБи жетекчиси Мырзабек Исмаилов, облус жетекчисинин биринчи орун басары Роза Кайыкова, Жети-Өгүз районунун акими Жаныбек Дүйшөмбиев, "Кумтөр" ишканасынын өкүлү Дуглас Грей катышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү журналисттерге учурда Жети-Өгүз районунда саясий абал турукташып калганын маалымдашты. Токон Мамытов жергиликтүү жашоочуларга коюлган талаптары акырындык менен аткарыла баштаганын билдирип, элди сабырдуулукка чакырды.

Активисттердин айтымында, Жети-Өгүз районунда болгон митингдин Жалал-Абаддагы нааразылык акциясына эч тиешеси жок. Муну менен катар алар өздөрүнүн арасында эч кандай саясий жана диний-радикалдык күчтөр жок экенин белгилешти. Кумтөрдөн келген өкүл Дуглас Грейдин айтымында, Кумтөр кенине кеткен жол ачык жана алтын өндүрүү иштери жүрүп жатат. (МК)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG