Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Сирия боюнча эл аралык жыйынга даярдык талкууланат


Бүгүн АКШ жана Орусия дипломаттары Сириядагы кандуу жаңжалды токтотуу чараларын талкуулоочу эл аралык конференцияга даярдыкты сүйлөшөт.

Бул жолугушуу БУУнун "Сирияда химиялык куралдарды бийлик да, оппозиция да колдонушу мүмкүн" деген шейшембидеги билдирүүсүнөн улам өткөнү жатат. Анда Улуттар уюмунун изилдөөчүлөрү Сирияда чектелүү өлчөмдө химиялык куралдар колдонулган деп айтканга “олуттуу негиз” барын билдирген. Бирок кандай химиялык зат колдонулганын жана аларды ким колдонгонун так айтканга далилдер жетишсиз экенин, “адамзатка каршы кылмыш жасоо Сирияда күнүмдүк көрүнүшкө айланганын” белгилешкен.

Женевада өтө турган бүгүнкү дипломаттардын сүйлөшүүсүнө Улуттар уюмунун жана Араб лигасынын Сириядагы чабарманы Лахдар Брахими да катышат.

БУУнун эсеби боюнча, эки жылдан ашуун убакыттан берки Сириядагы жаңжалда 80 миңден ашык адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG