Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Жалал-Абад: облакимчиликтин алдында митинг аяктады


Кабарчыбыз Ырыспай Абдраимовдун маалымдашынча, облустук акимчиликтин короосундагы митинг аяктады. Анда өкмөт башчысы Сатыбалдиев нааразылык акцияга чогулгандар менен сүйлөшүп, мыйзамды сыйлоого чакырды. Камактагы депуттардын ишин сот чечерин, өзү сот чечимине таасир эте албасын айтты. Азыр өкмөт башчы нааразылык акцияга чогулгандардын алты өкүлү менен өзүнчө жолугуп жатат.

Митингге болжол менен миңдей адам катышты. Учурда имараттын ичинде жана короосунда 100 чакты адам турат. Алар “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттарын бошотууну талап кылууда. Эгер талаптар аткарылбаса ар кандай нааразылык апкциялар уланарын, кайра жол тосуларын эскертишти. (EBM/YA)

XS
SM
MD
LG