Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

“Каркыра-Кеген” өткөрмө бекети ачылды


Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, бүгүнтөн тарта Ысык-Көлдүн Түп районунда кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра-Кеген” көзөмөл-өткөрмө бекети иштей баштады. Бекет эртең мененки саат 8.30дан кечки саат 18.30га чейин ачык болмокчу.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 12 чек ара бекети бар. Учурда алардын ичинен жетөөсү иштеп жатат. Ал эми 5 чек ара бекетин 2010-жылдагы апрель окуяларынан соң расмий Астана бир тараптуу жаап салган болчу.(EBM)

XS
SM
MD
LG