Арменияда кыз-келиндер быйылдан тарта аскердик окуу жайларда билим ала алат. Коргоо министрлигинин маалымдашынча, жашы 18ге жеткен, чымыр денелүү жана математиканы мыкты билген кыз-келиндер маршал Ханперянц атындагы аскердик авиация институтуна жана Вазген Саргсян атындагы аскердик институтка кабыл алынат. Бул Армениянын куралдуу күчтөрүн реформалоонун бир бөлүгү экенин өлкөнүн Коргоо министрлигинин өкүлү билдирди.