Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:05

"Хизбутчулар" Крымда демонстрацияга чыкты


"Хизб ут-Тахрир" уюмунун жүздөгөн активисттери Украинанын Симферополь шаарында митинг өткөрүштү. 1 500 чамалуу демонстранттын айтышынча, алар Осмон халифатынын кыйраганынын 89 жылдыгын белгилегени чогулушкан. Осмон халифаты 1924-жылы Түркиянын өкмөтү динди мамлекеттен бөлүп салгандан кийин тыйпыл болгон.

Крымдын премьер-министри Анатолий Могилев “Азаттык” радиосуна уруксатсыз митингге чыккандар административдик жоопкерчиликке тартыларын жана "Хизб ут-Тахрирди" тыйуу парламенттин иши экенин айтты.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан "Хизб ут-Тахрир" мусулман өлкөлөрүн ислам халифатына бириктирүүнү көздөйт. Бир катар экс-советтик өлкөлөрдө "Хизб ут-Тахрирге" "экстремистчил” уюм катары тыйуу салынган.
XS
SM
MD
LG