Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Жеңил өнөр-жай күнү белгиленет


Июнь айынын экинчи жекшембисинде белгилене турган Кыргызстандагы жеңил өнөр-жай күнүнө карата бүгүн Бишкекте бир катар иш-чаралар болуп өтөт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары Сапар Асанов билдирди. Анын айтымында, бүгүн Мамлекеттик тарых музейинде атайын салтанат уюштурулуп, анда бул тармакка эмгеги сиңген адамдар сыйланат. Бул тармактын абалы жана көйгөйлөрүнө арналган талкуулар да болмокчу.

Кыргызстанда жеңил өнөр-жайдын негизги өзөгүн тигүү тармагындагы ишканалар түзөт. Улуттук стастикалык комитеттин эсебине караганда, былтыр тигүүчүлөр 9 миллард сомдон ашык товар өндүрүп, анын 80 пайыздан ашыгын сыртка экспорттогон. Аталган тармакта 180 миңден ашык адам эмгектенет.(BkA)
XS
SM
MD
LG