Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:44

Президент июнь окуясында курман болгондорду эскерди


Июнь коогалаңында набыт кеткендерди эскерүү сунушун бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча кеңешмени ачып жатып сунуштады. Президент ошондой эле Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда болуп өткөн кайгылуу окуялар бүгүн да жүрөк сыздатаарын белгиледи:

-Тамырлары бир, тили дээрлик бир жана ишеними бир элдер кара өзгөйлүк менен кылдат даярдалган бузуку ойлордун барымтасы болушту. Жаңжал чыгып, бейкүнөө адамдар курман болушту. Бирок мындан ары өлкөбүздө мындай каргашалуу окуялар кайталанбашы керек, - деди Алмазбек Атамбаев.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Бүгүн 2010-жылдын июнунда Ош жана Жалал-Абад шаарларында жүздөгөн кыргызстандыктардын өмүрүн алып кеткен кайгылуу окуя тутанганына үч жыл толду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG