Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

“Азамат Алтай” эл аралык коомдук фондунун сыйлыгы ээлерин тапты


"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматынын (“Азаттык” үналгысынын) 60 жылдыгына карата “Азамат Алтай” эл аралык коомдук фонду Кыргызстандагы сөз эркиндигин чыңдоого кошкон салымы үчүн Азамат Алтай атындагы сыйлыгын “Азаттык+” сыналгы долбооруна жана учурунда бийликтен куугунтук жеп, чет өлкөгө аргасыз чыгып кеткен эркин журналист Чолпон Орозобековага ыйгарды.

Фонддун төрагасы Топчубай Тургамбаевдин маалымдашынча, фонд мындан тышкары бир катар мамлекеттик ишмерлерди, журналисттерди эстелик медалы менен сыйлады.

Кыргызстандагы сөз эркиндигин чыңдоого кошкон салымы үчүн “Азамат Алтай” эл аралык коомдук фондунун Азамат Алтай атындагы сыйлыгына татыгандардын тизмеси:

1.“Азаттык+” сыналгы долбоорунун жамааты
2.Чолпон Орозобекова, эркин журналист

(Ар бирине 500 АКШ доллары көлөмүндө акчалай сыйлык берилет).

Эркин Европа / Азаттык үналгысынын Кыргыз кызматынын (“Азаттык” үналгысынын) 60 жылдыгына карата “Азамат Алтай” эл аралык коомдук фондунун эстелик медалы менен сыйлангандардын тизмеси:

1.Эркин Европа / Азаттык үналгысынын Кыргыз кызматы
2.Роза Исаковна Отунбаева
3.Бексултан Жакиев, жазуучу
4.Балбай Алагушев, журналист, музыка таануучу
5.Чарльз Карлсон (Charles Carlson), профессор, урал-алтай адиси
6.Кадыралы Коңкобаев, профессор, түрколог
7.Эсенбай Нурушев, журналист, публицист
8.Нарын Айып, журналист
9.Жаркын Суран кызы Темирбаева, журналист
10.Венера Сагындык кызы Жуматаева, журналист
11.Кыяс Молдокасымов, журналист, тарыхчы
12.Кубат Оторбаев, журналист
13.Арслан Капай уулу Койчиев, журналист, тарыхчы
14.Ырысбай Абдураимов, журналист
15.Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу
16.Элмира Жумалиева, Жогорку Кеңештин депутаты
17.Рустам Кошмуратов, “Алмаз” радиосунун жетекчиси
18.Тенти Орокчиев, журналист
19.Кубаныч Жолдошев, журналист
20.Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу
21.Худайберды Халлыев, түркмөнстандык диссидент жазуучу
22.Аким Өзгөн, журналист
23.Майра Жакып келини, журналист
24.Мамашарип Казы, журналист
25.Казат Акматов, жазуучу, коомдук ишмер
26.Замира Сыдыкова, журналист, дипломат
27.Асыран Айдаралиев, журналист
28.Сыргак Абдылдаев, журналист, саясат таануучу
29.Турат Бектенов, журналист
30.Кайрат Биримкулов, журналист
31.Геннадий Павлюк, журналист (өлгөндөн кийин)
32.Алишер Саипов, журналист (өлгөндөн кийин)

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөн "Азаттык” үналгысынын 60 жылдык мааракесинде жеңүүчүлөргө сыйлыкты “Азамат Алтай” эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү: жазуучу Кеңеш Жусупов, тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин, спорт кабарчысы Кабыл Макеш, фонддун президенти Тойчубек Тургамбаев тапшырды.

Эскерте кетчү жагдай, “Азамат Алтай” эл аралык коомдук фонду “Азаттык” радиосуна эч кандай тиешеси жок, бейтарап коомдук уюм.(KMa)

XS
SM
MD
LG