Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Аба ырайы: чукул эскертүү


13-14-июнда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли көтөрүлүлөт.

13-июнда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарында тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13... +18, күндүз +23... +28 градус, Талас облусунда түнкүсүн +12… +17, күндүз +22…+27 градус, Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16... +21, күндүз +27 ...+32 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9... +14, күндүз +19... +24 градус, Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +21... +26 градус болот.

Бишкекте 13-июнда ала булут каптап турат. Түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+18 градус, күндүз +26…+28 градус болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG